• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМдин жоокеринин сабалышы. Тараптардын элдешүүсүнөн улам кылмыш иши токтотулду

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.08.22. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жоокеринин сабалышы боюнча козголгон кылмыш иши тараптардын элдешүүсүнөн улам токтотулду. Мындай чечим 8-августта борбор калаанын Биринчи май райондук сотунда кабыл алынган.

Жабырлануучу тарап Т.Жаныбек уулуна эч кандай дооматтары жок экенин билдирген. Буга байланыштуу соттун чечими менен Т.Жаныбек уулуна карата козголгон кылмыш иши токтотулду.

Эскерте кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Беловодск айылындагы бөлүмүндө кызмат өтөп жаткан 20 жаштагы жоокер Бекзат Эсенбеков катуу сабалган.

7-июнда Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасына катардагы жоокер Б.Эсенбековдун атасы Э.Смаилов арыз менен кайрылып, анда №86123 аскер бөлүгүнүн контракттык негиздеги аскер кызматкери прапорщик Ж. уулу Т.га карата чара көрүүнү суранган.

Ошол эле күнү топтолгон материалдардын негизинде Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесинин 2-бөлүгүндөгү 2-пунктта көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Ал эми контракттык негиздеги аскер кызматкери Ж. уулу Т. камакка алынган.

Пикир

Оставить комментарий