• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КММА командасы Казакстандагы эл аралык олимпиадада 1-орун алды

Коом 0

Бишкек, 14-март /Кабар/. И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицианлык академиясынын “Панацея” командасы Казакстандагы эл аралык олимпиадада 1-орунду алды.

КР Медициналык академиясынын басма сөз кызматы билдиргендей, олимпиада Казак улуттук медициналык университетинин базасында өттү.

Кыргызстандын атынан дарылоо факультетинин 5-курсунун студенттери катышып, медицина илимдеринин доктору Уланкүл Тилекееванын жетекчилиги алдында 1-даражадагы диплом алышты.

Мындан тышкары, студент Изат Жумабекова көрүүчүлөрдүн атайын байгесин алып, Кыргызстан жана КММА тууралуу видео үчүн грамота берилди.

Медакадемиянын басма сөз кызматы олимпиаданын жеңүүчүлөрү И.Жумабекова, А.Мукашева жана Д.Кушубеков былтыркы жылдын аягында И.М.Сеченов атындагы Биринчи Москва медициналык университетинде өткөн соттук-медициналык экспертиза боюнча эл аралык олимпиадада командалык эсепте 3-орунду ээлегендигин белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий