• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КММА ректораты жана профкому согуштун ардагерлерине жана тылдын эмгекчилерине материалдык жардам көрсөтүштү

Коом 0

Бишкек, 4-май /Кабар/. И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын чоң залында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана тылдын эмгекчилерине сый көрсөтүлдү. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Чакырылган ардагерлердин, окутуучулардын жана студенттердин алдында куттуктоо сөзү менен ЖОЖдун ректору, профессор Индира Кудайбергенова сүйлөдү. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана тылдын эмгекчилери үчүн КММАнын студенттери аскер ырларынан, мекенчилдик музыкалык чыгармалардан турган концерт тартуулашты.

Ректордун буйругу менен өткөн жылы Медакадемияда иштеген ардагерлерге 10 миң сом өлчөмүндө сыйлык берилип, ЖОЖдун профкому тарабынан 5 миң сомдон жана белектер ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий