• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КММА өз клиникасына өтө муктаж экени айтылууда

Коом 0

Бишкек, 3-август /Кабар/. Учурда И.К. Ахунбаев атындагы Кыргызстандын Медициналык академиясы өзүнө таандык клиникага өтө муктаж болуп жатат. Бул тууралуу республикабызга таанымал дарыгер-окумуштуулар, аталган ЖОЖдун белгилүү педагог-профессорлору маселени кабыргасынан коё башташты.

“Себеби, кийинки мезгилде Бишкек шаарында КММАдан сырткары бир топ медициналык жогорку окуу жайлары жана факультеттер ачылды. Ал эми анда окуган миңдеген студенттер мурдатан эле респубикабыздагы жалгыз мединститут пайдаланып келген борбор калаабыздагы ооруканаларда окуу-практикалык ишмердүүлүгүн жүргүзүшүүдө. Бул ЖОЖдордун ортосундагы ары тарт, бери тарт дегендей кыйчалыш абалды түзүлүшүнө өбөлгө жаратты.

Университет клиникасын уюштуруу, КММАнын жетекчилеринин айтымында, бери дегенде үч нерсени чечет окшобойбу. Биринчиден, студенттер менен окутуучулар ЖОЖго караштуу ооруканада оорукчан адамдарды дарылоого түздөн-түз катышып, андан улам келечектеги врачтардын Медакадемияда окуп жүргөн мезгилде клиникалык билим менен тажрыйбаны толук деңгээлде топтошуна жагымдуу шарт жаралат. Экинчиден, калктын калың катмары жогорку адистиги бар дарыгерлердин – академик, профессор, медицина илимдеринин кандидаттары менен докторлорунун кеңеш берүү-дарылоо кызматтарынан түздөн-түз пайдалана башташат. Үчүнчүдөн, өз клиникасы, демек, базасы бар жогорку окуу жайында илимий-изилдөө иштери да кеңейет жана жанданат.

Эң башкысы, университет клиникасыны курууга же колдогу имараттардын биринин негизинде уюштурууга жогорку бийликтерден уруксат берилип калса, аны куруу же оңдоп-түздөөгө КММАнын каражаты бар. Клиникада эл аралык стандарттагы амбулатордук-диагностикалык бөлүм, хирургиялык жана терапевтикалык стационардык бөлүмдөр, окуу аудиториялары менен дарс залдары уюштурулат”, - деп айтылат окуу жайдын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий