• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КММАда анатомия боюнча Эл аралык студенттик олимпиада өттү

Ден соолук 0

Бишкек, 17-май /Кабар/. И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиясында адамдын анатомиясы боюнча 2-Эл аралык студенттик олимпиада өттү. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Анда өлкөнүн медициналык ЖОЖдорунан, ошондой эле, Алмата жана Новосибирсктен 11 команда катышышты. Мелдештердин жыйынтыгы боюнча КММА «Inspire» жана НММУ “Анатомиянын 50 түсү” командалары 1-орунду алышып, мелдештин Кубогу мене сыйланышты. 2, 3-орундарды «Атлант», «Будущие хирурги» (КММА), «Гиппократ» (КРСУ) жана «Dentist» (АзМИ) командалары алышты.

Олимпиаданын катышуучуларын КММА ректору, профессор Индира Кудайбергенова жылуу кабыл алып, ЖОЖдун проректору, профессор Кеңешбек Ырысов сыйлыктарды тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий