• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КММАда үчүнчү муундагы мамлекеттик билим берүү стандарттары талкууланды

Коом 0

Бишкек, 16-март /Кабар/. Кыргызстандын И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында Швейцариядан келген эксперттердин катышуусунда мамлекеттик билим берүүнүн үчүнчү муундагы стандарттарын киргизүү боюнча жумушчу кеңешме өттү. Бул тууралуу аталган ЖОЖдун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйындын катышуучулары эксперттик топтун сунуштарын талдоо жана окутууну баалоо маселелерин талкуулашты. Ал эми бүгүн, 16-мартта 6-курстун окуу планын талкуулашат.

Баяндамачылардын жана эксперттердин айтымында, КММАда мамлекеттик билим берүүнүн үчүнчу муундагы стандарттарын киргизүү ийгиликтүү жана бекитилген планга ылайык жүрүп жатат. Жумушчу кеңешменин жыйынтыгы боюнча тиешелүү резолюция кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий