• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

КММАда медкызматкерлерди окутуу реформасы талкууланды

Коом 0

Бишкек, 31-март /Кабар/. И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында “Дипломдон кийинки медициналык билим берүү – ординатура программаларын децентрализациялоо аркылуу үй-бүлөлүк дарыгерлерди окутуу” темасында окуу жайдын жетекчилери жана 6-курсунун студенттери катышкан жыйын болду.

ЖОЖдун басма сөз кызматы билдиргендей, Саламаттык сактоо министрлигинин адам ресурстары жана иш өндүрүшү башкармалыгынын жетекчиси Нурида Жусупбекова баяндама жасады.

Анда ЖОЖдор ординаторлорду тажрыйбалык саламаттык сактоо суроо-талаптарына ылайык даярдоо, клиникалык даярдыкты күчтөңдүрүү, бейтаптарга жеткиликтүүлүктү камсыздоо жана дипломдон кийинки даярдоонун сапатын жакшыртуу, клиникалык базалардын, айрыкча, аймактык ооруканалардын жана ҮДБ байланыштарын бекемдөө керектиги баса белгиленген. Ошондой эле, студенттер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү каралган. Ошол эле учурда ССМ дипломдон кийинки медициналык билим берүү саясатын жүргүзүп, тар адистиктер боюнча ординаторлордун санын жөнгө салат.

Жыйында КММА ректору, профессор Индира Кудайбергенова сөз сүйлөдү.

Пикир

Оставить комментарий