• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

КММАда «Нооруз -2017» фестивалы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 20-март /Кабар/. И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында бүгүн Нооруз майрамына арналган фестиваль өтөт. Бул тууралуу ЖОЖдун басма сөз кызматы билдирди.

Сынактын программасында Чыгыш элдеринин улуттук тамак-аштарынын көргөзмөсү, бардык факультеттердин студенттеринен, кафедра окутуучуларынан, администрация жана деканаттардын кызматкерлеринен турган жети команданын театралдаштырылган оюну, ордо, аркан тартыш, бука тартыш, топ таш сыяктуу спорттук оюндар боюнча мелдештер кирген.

Башкы корпустун алдындагы аянтта жети боз үй тигилген. Жеңүүчүлөр грамота, ошондой эле акчалай сыйлыктар жана кызматкерлердин, студенттердин комитеттеринин баалуу белектери менен сыйланат. Фестивалдын жалпы байге фонду 200 миң сомго жакын.

Пикир

Оставить комментарий