• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КММАда Ноорузга арналган фестиваль өттү

Маданият 0

Бишкек, 22-март /Кабар/. И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында Ноорузга арналган фестиваль өттү. Бул тууралуу ЖОЖдун басма сөз кызматы билдирди.

Академиянын алдындагы аянтта жети боз үй тигилип, Чыгыш элдеринин улуттук тамак-аштарынын көргөзмө сынагы, ордо, аркан тартыш, бука тартыш, топ таш боюнча мелдештер өткөрүлдү.

Бардык факультеттердин студенттеринен, кафедра окутуучуларынан, администрация жана деканаттардын кызматкерлеринен турган командалар театралдаштырылган оюндарды даярдашты.

Сынактардын жана мелдештердин жеңүүчүлөрүнө ректораттан грамоталар жана баалуу белектер, ошондой эле профком тарабынан санаторий, курортторго жолдомолор тапшырылды.

Фармация факультетинин “Фармация” командасы 1-орун үчүн 25 миң сом алды.

Маалыматта белгиленгендей, майрамдык фестивалдын байге фонду 200 миң сомго жакын болгон.

Пикир

Оставить комментарий