• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

ӨКМнын атайын эсебине 95 млн сом түштү

Коом 0

Бишкек, 7-март /Кабар/. 2017-жылы 7-март саат 13:00го карата КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаарынын жанында “Боинг 747-400” учагынын кыйроосунан жабыркагандарга жана каза болгондордун жакындарына жардам берүү үчүн атайын эсебине 95 млн 240 миң 941 сом түштү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Атайын эсеп ачык. Бардык каалоочу жеке жана юридикалык жактар төмөнкү реквизиттер боюнча каржылык жардам көрсөтө алышат:

Эсеп номери 4407012100007868
КР Финансы министрлигинин Борбордук казналык Банкы
БИК 440001
Төлөм коду 14238900
Ош шаары ,Моминов көч. 11
ОКПО 22710535
ИНН 00103200110150
Код УГНС 032 Ош ш.

Аталган эсепке сом, рубль, тенге, доллар, евро, юань ж.б. валютада акча каражатын которууга болот.

Эскерте кетсек,16-январда саат 7.17де Боинг 747-400 самолету Бишкектин жанындагы Дача-Суу айылына кулаган. 23 үй талкаланып, 39 адам каза тапкан. Алардын төртөө экипаж мүчөлөрү. Самолет Гонконг-Бишкек-Стамбул багытында учуп, «Манас» аэропортуна конмокчу болгон.

Пикир

Оставить комментарий