• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМнын гуманитардык жүгү Чаткал жана Каныш-Кыя айыл аймактарына жеткирилди

Коом 0

Бишкек, 22-февраль /Кабар/. КР ӨКМнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Абдишарип Бекиловдун жетекчилигинде ыкчам топтун коштоосунда гуманитардык жүк Чаткал жана Каныш-Кыя айыл аймактарына жеткирилди деп билдирди КР ӨКМнын басма сөз кызматынан.

“Шифер жана азык-түлүк продуктуларынан турган КР ӨКМнын гуманитардык жүгү жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына берилди. Учурда гумжүк даректерге бөлүнүүдө. Биз жергиликтүү элге да жолугуп, алардын көйгөйлөрүн, сунуштарын уктук. Эл жардам үчүн ыраазычылык билдиришти”,-деди А.Бекилов.

Эскерте кетсек, 2017-жылы 17-февралда 120 даана шифер жана өтө зарыл буюмдар менен азык-түлүктөр (жууркан, самын, макарон, чай, консерва ж.б.) жүктөлгөн 2 КАМАЗ машина оор кар түшкөн Чаткал менен Каныш-Кыяга карай жолго чыккан. Бирок жолдогу бороон-чапкындан кайра кайткан. Бир машина Таш-Көмүр шаарына, экинчиси Терек-Сай айылына токтогон.

21-февралда Ала-Бука-Каныш-Кыя автожолуна ачылып, гумжүк тарткан машиналар аталган дарекке жеткен.

Пикир

Оставить комментарий