• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КМШ алкагында жашыруун маалыматты сактоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 14.03.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2013-жылдын 25-октябрында Минск шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин алкагында жашыруун маалыматты сактоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 25-январында кабыл алынган.

Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин алкагында жашыруун маалыматты сактоо тууралуу макулдашуу КМШ органдарына бул уюмга мүчө мамлекеттерине берилүүчү жашыруун маалыматты сактоо чөйрөсүндөгү укуктарды, милдеттерди жана жоопкерчиликтерди бекитүүгө багытталган.

Макулдашууда Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин органдарынын алкагында кызматташуунун жүрүшүндө колдонулуучу маалыматтын жашыруундук даражасы, жашыруун маалыматты сактоо жана аны берүү чаралары аныкталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий