• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КМШ байкоочусу: Президенттик шайлоо ачык жана туура өтүүдө

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 15.10.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын президентин шайлоо ачык жана туура өтүүдө. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин байкоочулар миссиясынын өкүлү Алиев Рауф Асиф оглы билдирди.

Ал бүгүнг 12 шайлоо тилкесине барганын, бардык жерде БШК жана өкмөт жогорку деңгээлде даярдангандыгы көрүнүп турганын белгиледи.

“Ошондой эле шайлоо учурунда БШК тарабынан процесске байланыштуу үгүт көп болду. 8 видеоролик чыгарылып, үгүт поезди уюштурулду. Мындан тышкары катталган жери боюнча эмес добуш берүүнү каалагандарга маалымат көп берилди. Мен эки кошумча тилкеде болдум. Аларда активдүүлүк байкалууда. Менимче, биометрикалык идентификация маанилүү фактор болду. Бул бурмалоо жана бюллетендерди таштоодон качууга мүмкүндүк берет”, - деди ал.

Байкоочу ошондой эле шайлоодо олуттуу көйгөйлөрдү көрбөгөндүгүн, дайыма болуп келген майда барат кемчилдиктер болгонун билдирди.

“Жалпысынан менин пикиримде, шайлоо туура жана ачык өтүүдө. Даярдык абдан жакшы”, - деп кошумчалады Алиев Рауф Асиф оглы.

Пикир

Оставить комментарий