• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КМШ Экономикалык сотунун статусу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 15.12.18 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков «2017-жылдын 13-сентябрында кол коюлган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык Сотунун статусу жөнүндө 1992-жылдын 6-июлундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 14-ноябрында кабыл алынган.

Киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык сотунун иши ad hoc форматына которулуп жана анын аппаратынын саны кыскартылууда. ad hoc форматында судьялар конкреттүү иштерди кароо учуру боюнча чогулуп турушаары каралган. Соттун келген жери боюнча иштин туруктуу форматы анын төрагасы жана аппараты үчүн гана сакталат.

Бул Протоколго Кыргыз Республикасы КМШ Экономикалык сотунун ишин каржылоого тиешелүү мезгилге республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде катышат деген эскертме менен 2017-жылдын 13-сентябрында кол коюлган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий