• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КМШ өкмөт башчылар кеңеши видеоконференцбайланыш форматында өтөт

Өкмөт 0

Бишкек, 11.11.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 12-ноябрында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйыны видеоконференцбайланыш форматында өтөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Кеңешменин жүрүшүндө өкмөт башчылары КМШ алкагындагы экономикалык өз-ара аркеттешүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, уран өндүрүү өнөр жайынын таасирине дуушар болгон аймактарды рекультивациялоого, темир жол транспортун өнүктүрүүгө тийиштүү темаларды талкуулайт. Мындан тышкары, КМШга мүчө-өлкөлөрдүн маалыматтык-телекоммуникациялык тармактардагы автордук укук жана чектеш укук объектилеринин укугун коргоо жана сактоо боюнча кызматташтыгы каралмакчы.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге, анын катарында Автордук укук объектилеринин укугун коргоо жана сактоо боюнча кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюлушу, ошондой эле Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинде 2022-жылы Элдик кол өнөрчүлүк жана маданий мурас жылын өткөрүү боюнча Иш-чаралар планынын долбоорун бекитүү пландаштырылууда.

Белгилесек, КМШ өкмөт башчылар кеңеши Бишкек шаарында офлайн форматта өткөрүлүшү каралган. Бир катар КМШ мамлекеттериндеги эпидемиологиялык абалдын начарлашына байланыштуу кеңешмени видеоконференцбайланыш форматында өткөрүү чечими кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий