• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КМШ өлкөлөрүнүн биринчи оюндарын өткөрүүнүн мөөнөтү жылдырылышы мүмкүн

Спорт 0

Бишкек, 06.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 6-июлда Казань шаарында (Россия Федерациясы) өтө турчу КМШ өлкөлөрүнүн биринчи оюндарын өткөрүү жана даярдыгы боюнча КМШ өлкөлөрүнүн дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик башкаруу органдардын жетекчилеринин онлайн түрүндө жыйын өткөрүштү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалымакта ылайык, видеоконференция форматында өткөн жыйынга аталган агенттиктин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев катышкан.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар уюштуруу маселелерин талкуулашкан.

Маалымат үчүн: КМШ өлкөлөрүнүн биринчи оюндарын өткөрүү 2020-жылдын 20-27-августуна пландалган. Бирок учурдагы эпидемиологиялык абалга байланыштуу турнирди үстүбүздөгү жылдын 4-11-сентябрь күндөрү өткөрүү мүмкүнчүлүгү каралып жатат.

Пикир

Оставить комментарий