• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КМШ өлкөлөрүнүн маалымат агенттиктери туризмди өнүктүрүүдө бири-бирин колдоого макулдашышты

Коом 0

Бостери, 06.09.18. /Кабар/. КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттик маалымат агенттиктери туризмди өнүктүрүүдө бири-бирине колдоо көрсөтүүнү чечишти.

КМШ өлкөлөрүнүн кезектеги XXV мамлекеттик маалымат агенттиктеринин жетекчилер кеңешинин отуруму бүгүн Ысык-Көлдө өттү. Жолугушууну “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттиги уюштурду.

Отурумдун жүрүшүндө КМШдагы Маданият жылынын алкагында аталган ЖМКлардын ички туризмдеги ролу, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдырууда “Кабар” агенттигинин жумушу, КМШнын аткаруу комитетинин шериктештиктин өлкөлөрүнүн ортосундагы маалымат алмашуу тармагындагы ишмердүүлүгү, 2018-2019-жылдарда болгон аймактагы маанилүү окуялар тууралуу темалар талкууланды.

Азербайжандын мамлекеттик телеграф агенттигинин башкы директорунун орун басары Назим Хидиров отурумдун жүрүшүндө катышуучу өлкөлөрдүн туристтик сектору тууралуу маалыматты таратууда өз ара кызматташтык маселелери талкууланганын айтты.

“Биз маанилүү жана пайдалуу маселелерди талкууладык. Талкуу үчүн эң актуалдуу тема туризмди өнүктүрүүгө арналган маселе болду. Бул жердеги агенттиктердин мамлекеттик саясатына кирген маанилүү маселе”, - деди Хидиров.

Анын айтымында, бул кадам аркылуу ар бир өлкө каалаган жыйынтыгына жете алат.

“Мисалы, Азербайжанда 9 климаттык аймак өтөт. Бизде инфраструктура өнүгүп, чоң каражаттар келип жатат. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында туристтердин саны мурдагы жылдарга салыштырмалуу көп эсе өстү. Бул жердеги кесиптештеримден уккандарыма караганда бул динамика башка өлкөлөрдө дагы байкалып жатат деп ишеничтүү айта алам”, - деп жыйынтыктады Хидиров.

Отурумга “Кабар” КУМАнын директору Кубанычбек Таабалдиев жана Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова, ТАСС агенттигинин башкы директорунун биринчи орун басары Михаил Калмыков, ТАССтын КМШ жана Балтия секторунун жетекчиси Борис Грушин, “АЗЕРТАДЖ” Азербайжан мамлекеттик маалымат агенттигинин башкы директорунун орун басары Назим Хидиров, “Арменпресс” маалымат агенттигинин аткаруучу директору Арам Ананаян, Белоруссиянын “БелТа” телеграф агенттигинин башкы директору Ирина Акулович, “Казинформ” эл аралык маалымат агенттигинин башкы директору Аскар Умаров катышты.

Пикир

Оставить комментарий