• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттик маалымат агенттиктеринин жетекчилери Ысык-Көлдө жолугушуу өткөрүшөт

Коом 0

Бостери, 06.09.18. /Кабар/. Ысык-Көлдө Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) мамлекеттик маалымат агенттиктеринин жетекчилеринин кеңешинин XXV отуруму өтүүдө.

Жолугушууну “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттиги уюштурууда. Отурумдун жүрүшүндө КМШдагы Маданият жылынын алкагында ЖМКдын ички туризмдеги ролу, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдырууда “Кабар” агенттигинин жумушу, КМШнын аткаруу комитетинин шериктештиктин өлкөлөрүнүн ортосундагы маалымат алмашуу тармагындагы ишмердүүлүгү, 2018-2019-жылдарда болгон аймактагы маанилүү окуялар тууралуу темалар талкууланат.

Ошондой эле доклад жасай турган адамдар өздөрүнүн медиасынын ишмердүүлүгү тууралуу айтып беришет. Кеңешменин соңунда “Кабар” агенттиги менен “Арменпресс” агенттигинин ортосунда макулдашууга кол коюлушу күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий