• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КМШ өлкөлөрүнүн мониторинг менен баалоону жылдыруу боюнча аймактык парламенттик форуму түзүлдү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 07.06.19. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин депутаттар тобунун демилгеси менен эки күндөн бери Бишкек шаарында өтүп жаткан “Парламенттин ишинин натыйжалуулугун арттыруу үчүн мониторинг жана баа берүү” темасындагы Евразия парламентчилеринин аймактык форумунун катышуучулары ушундай чечим кабыл алды.

Алар байкоо жүргүзүү жана баа берүү жыйынтыктарына карата кызыгуулардын жылдан-жылга өсүп баратканын эске алуу менен, КМШ өлкөлөрүнүн парламент депутаттарынын ортосунда улуттук мыйзам чыгаруу органдарынын ишмердүүлүгү камтылган материалдарды жалпы пайдалануу жаатындагы кызматташтык мамилелерди андан ары улантуу чечимине келишти. Жаӊы уюмдун мүчөлөрү Парламентчилердин глобалдык уюмунун ишине жигердүү катышып, мониторинг жүргүзүү жана баа берүү усулдарын өркүндөтүү жаатында тажрыйба алмашуу аракеттерин да жандандырмакчы.

Аймактык форумдун башкаруу түзүмү да белгилүү болду. КМШ өлкөлөрүнүн баалоону алга жылдыруу боюнча аймактык парламенттик форумунун ассамблеясы кызыкдар болгон Еаразия өлкөлөрүнүн депутаттарынын өкүлдөрүнөн турган коллегиалдуу орган болуп саналат. Ассамблея форумду стратегиялык өнүктүрүү, Аткаруу комитетинин мүчөлөрүн шайлоо маселелерин чечип, форумдун ар жылдык иш-чараларынын түзүмүн бекитет. Ассамблея жылына бир жолудан кем эмес жыйын өткөрөт.

Аткаруу комитети форумдун мүчөлөрүнүн ортосундагы коммуникациялык байланышты бекемдеп, өткөрүлгөн иш-чараларды ыкчам башкаруу чараларын ишке ашыра турган орган болуп саналат. Ага кызыкдар тараптардын баары – депутаттар, мамлекеттик жана, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, эксперттер, мониториг жана баалоо ишине катышы бар адистер, жарандык коомдун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү мүчө болууга акылуу. Аткаруу комитетинин курамы бир жылга жөнөкөй көпчүлүк добуш менен шайланып турат.

Ал эми кызыкдар тараптардын баары – депутаттар, мамлекеттик жана, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, эксперттер, мониториг жана баалоо ишине катышы бар адистер, жарандык коомдун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү форумдун мүчөсү болуп саналат. Алар форумдун баардык жыйындарына катышууга, Ассамблеядан керектүү материалдарды сурап алууга акылуу, бирок чечимдерди кабыл алууда өз добушун бере албайт

Андан тышкары, КМШ өлкөлөрүнүн баалоону алга жылдыруу боюнча аймактык парламенттик форумунун ассамблеясынын 2019-2020-жылдарга карата иш планында мүчөлөрдүн тизмесин жана электрондук маалымат базасын түзүү, Аткаруу комитетинин курамын шайлоо, форумдун веб-сайтын иштеп чыгуу, форумдун кезектеги жолугуша турган жери менен убактысын аныктоо, жыйындын күн тартибине киргизиле турган маселелерди тактоо ж.б.у.с. маселелер камтылды.

Белгилей кетек, 2015-жылы Непалда Баа берүүнүн эл аралык күнү белгиленип, анын жыйынтыгында Парламентчилердин глобалдык форуму түзүлгөн. Кыргызстанда алгачкы жыйынын өткөрүп жаткан Евразия парламентчилеринин аймактык форуму анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн бири болуп саналат. Бүгүн, 6-июнда башталган форумдун “Парламенттин ишинин натыйжалуулугун арттыруу үчүн мониторинг жана баа берүү” темасындагы иш-чарасы эки күнгө созулмакчы.

Форумдун ишине Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү менен мамлекеттик органдардын жетекчилери, Парламентчилердин глобалдык форумунун башчысы Кабир Хашим баштаган бир катар чет өлкөлөрдүн парламентчилери, ЮНИСЕФ, ЮНФПА, МиО сындуу бир катар эл аралык уюмдар менен жарандык коомдун өкүлдөрү, жергиликтүү жана эл аралык серепчилер катышууда.

Пикир

Оставить комментарий