• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КМШ өлкөлөрүнүн ТИМнин юридикалык кызмат жетекчилеринин Консультативдик комитетинин жыйыны өттү

Саясат 0

Бишкек, 04.06.22. /Кабар/. Кечээ, 3-июнда Нур-Султан шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрликтеринин юридикалык кызматтарынын жетекчилеринин кезектеги Консультативдик комитетинин 32-жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Отурумдун жүрүшүндө КМШнын алкагында кызматташуунун контекстинде эл аралык укуктук практиканын актуалдуу маселелери талкууланды. Анын ичинде, КМШга мүчө мамлекеттерге жөнөтүлгөн делегациялардын укуктук статусу жөнүндө Конвенциянын долбоорунун элементтери, эл аралык милдеттенмелерди аткаруу жана эл аралык укуктук маселелер боюнча өз ара аракеттенүү маселелери, эл аралык келишим болуп саналбаган эл аралык документтерди иштеп чыгууну укуктук жөнгө салуу боюнча КМШга мүчө-мамлекеттердин практикасы жана КМШнын алкагындагы эл аралык келишимдерге үчүнчү мамлекеттердин кошулуусуна макулдук берүү маселеси талкууланды.

Муну менен катар делегация мүчөлөрү өз ара кызыкчылык туудурган тармактарды укуктук жөнгө салуу боюнча тажрыйба алмашып, Комитеттин кийинки мезгилге иш багыттарын аныкташты. Иш-чаранын жыйынтыгында Протокол кабыл алынды.

Жыйынга Армения, Беларусь, Кыргызстан, Россия, Таджикстан жана Өзбекстандын делегациялары, ошондой эле Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитети катышты.

Пикир

Оставить комментарий