• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КМШ өлкөлөрүндө сөз эркиндигин кантип баалашат? – адистин жообу

Коом 0

Бостери, 06.09.18. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин бир катар өлкөлөрү жалпыга маалымдоо каражаттарынын жумушунда жетиштүү эркиндиктин баскычына ээ. Бул тууралуу КМШ өлкөлөрүнүн кезектеги XXV мамлекеттик маалымат агенттиктеринин жетекчилер кеңешинин отурумунун алкагында “Кабар” агенттигине КМШнын аткаруу комитетинин маалымат жана маалыматташтыруу бөлүмүнүн жетекчиси Игорь Григорьев билдирди.

Бул демократиялык негиздерди күчөтүүгө убакыттын талабы менен келгенин айтты.

“Кыргызстан өнүккөн демократиянын көрсөткүчү деп эсептелет. Бүгүнкү күндө КМШ өлкөлөрүнүн көпчүлүгү ЖМКдагы жумушта жетиштүү эркиндикке ээ. Учурда убакыт демократиялык башталыштар үчүн өзүнүн талаптарын көрсөтүп жатат”, - деди Григорьев.

Ошондой эле ал Мамлекеттик маалымат агенттиктеринин кеңеши жарым жылда бир жолу КМШнын 8 өлкөсүнүн агенттиктерини жетекчилеринин катышуусунда өткөрүлөрүн айтты. Жолугушуу учурунда алар катышуучу-өлкөлөр арасында маалыматтык алмашуу маселелерин талкуулашат.

“КМШнын өлкөлөрүнүн баары болушу үчүн бизге Өзбекстандын жана Түркмөнстандын өкүлдөрү дагы кошулушун сунуштап жатабыз. Кеңешме Кыргызстанда – Көчмөндөр оюндары сыяктуу чоң иш-чаранын аянтчасында өтүп жатканына кубанычтабыз”, - деп кошумчалады ал.

Григорьев медиа-жетекчилердин жолугушуусун өткөрүүдөгү маанилүү учур жаңы жүздөр менен таанышуу болорун белгиледи.

“Бизде маалымат агенттиктеринин бир катар жетекчилери кызмат ордуна жаңы келгендер. Биринчи кезекте биз үчүн алардын кесиптештери менен жолугуп, тыгыз байланыш курганы маанилүү. Бул маалымат айдыңында өлкөлөрдүн арасындагы толук кандуу өз ара аракетти ишке ашырууга түрткү болот”, - деп жыйынтыктады ал.

Андан тышкары күн тартибинин алкагынан сырткары ал ДКОнун айланасындагы маалыматтар менен активдүү түрдө таанышып жатканын белгиледи.

“Тилекке каршы мен бул боюнча иш-чараларга катышууга жетишпей калдым. Бирок ЖМКларга көз жүгүртүп турдум. Өтө көп сандагы билдирүүлөр – бардыгын окуу кызыктуу. Көчмөндөр оюндары КМШ өлкөлөрүнүн ЖМКларын эле эмес, алыскы чет өлкөлөрдүн маалымдоо каражаттарынын дагы кызыгуусун туудурду”, - деди Григорьев.

КМШдагы мамлекеттик маалымат агенттиктеринин жетекчилеринин кеңешинин XXV отуруму Ысык-Көлдө өтүүдө. 1995-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан жолугушуунун уюштуруучусу “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттиги.

Отурумдун жүрүшүндө КМШдагы Маданият жылынын алкагында аталган ЖМКлардын ички туризмдеги ролу, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдырууда “Кабар” агенттигинин жумушу, КМШнын аткаруу комитетинин шериктештиктин өлкөлөрүнүн ортосундагы маалымат алмашуу тармагындагы ишмердүүлүгү, 2018-2019-жылдарда болгон аймактагы маанилүү окуялар тууралуу темалар талкууланат.

Ошондой эле доклад жасай турган адамдар өздөрүнүн медиасынын ишмердүүлүгү тууралуу айтып беришет. Кеңешменин соңунда “Кабар” агенттиги менен “Арменпресс” агенттигинин ортосунда макулдашууга кол коюлушу күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий