• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КМШ мамлекеттерине берилүүчү жашыруун маалыматты сактоо жана жеткирүү чаралары көрүлүүдө

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 11.01.18 /Кабар/. Жогорку Кеӊеште Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин алкагында жашыруун маалыматты сактоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Бул макулдашуунун негизги концепциясы КМШ органдарына бул уюмга мүчө мамлекеттерине берилүүчү жашыруун маалыматты сактоо чөйрөсүндөгү укук, милдет жана жоопкерчиликтерди бекитүүгө багытталган. Анда өз ара кызматташуунун жүрүшүндө колдонулуучу маалыматтын жашыруундук даражасы, жашыруун маалыматты сактоо жана аны берүү чаралары аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий