• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

КМШ оюндары: Бел боо күрөшү боюнча курама команда 8 медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 06.09.21. /Кабар/. КМШ оюндарынын алкагында бел боо күрөшү боюнча кыздар жана өспүрүмдөр арасындагы мелдеште Кыргызстандын курамасы 8 медаль жеңди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекетик агенттигинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, кечээ, 5-сентябрь күнү Казань шаарында бел боо күрөшү боюнча кыздар жана өспүрүмдөр арасында мелдеш өттү. Жалпы 14 комплект медаль ойнотулду: 6 кыздар арасында жана 8 өспүрүмдөр арасында.

Кыргызстан курама командасы жалпы 8 медаль жеңди: бир алтын, беш күмүш жана эки коло.

Кыздар арасында 76 кг салмактан жогоркулар арасында Айжан Анарбекова күмүш байгенин ээси болду. Ал эми өспүрүмдөр арасында 100 кг салмак категорияда Нурманбет Раймалы уулу аталган мелдештин чемпиону болду.

Калысбек Кайымов (62 кг), ХабибуллоТынчтык уулу (68 кг), Дастан Акылбеков (75 кг) жана Баяман Мыктыбеков (90 кг) күмүш медаль тагынышты. Ошондой эле 100 кг жогоркулар арасында Арсланбек Турдубеков жана 57 кг салмакта Кенжебай Нарынбай уулу КМШ оюндарынын коло байгесине ээ болушту.

Пикир

Оставить комментарий