• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КМШ оюндары: Кыргызстандын күрөш боюнча курама командасы 5 медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 07.09.21. /Кабар/. Кыргызстандын күрөш боюнча курама командасынын мүчөлөрү Казань шаарында өтүп жаткан КМШ оюндарында 5 медаль жеңди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча агенттигинен билдиришти.

125 кг салмак категорияда Арсланбек Турдубеков күмүш медаль тагынды. Ал эми, Нурканат Кайыпбердиев (65 кг), Бекмамат Бейшенов (70кг), Бакберди Мирсланбеков (85 кг) жана Баяман Мыктыбеков (100 кг) коло байгенин ээси болушту.

Аталган спорттун түрү боюнча жалпы медалдардын саны боюнча Кыргызстан 3-орунда. 10 медаль менен тизменин сап башында Россия, 2-орунда 9 медаль менен Өзбекстан турат.

Пикир

Оставить комментарий