• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КМШ ПААга мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилери 28 баатыр-панфиловчуну эскеришти

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.03.22. /Кабар/.КМШ ПААга мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилери 28 баатыр-панфиловчуну эскеришти. Бул тууралуу КР парламентинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-мартта КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов КМШ ПААга мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилери менен бирге Казакстандын Алматы шаарындагы 28 баатыр-панфиловчунун урматына тургузулган Даңк мемориалына барып, Улуу Ата Мекендик согушта эрдик көрсөткөн жоокерлерди эскеришти.

Иш-чаранын алкагында Өчпөс отко да гүлчамбар коюлду.

Пикир

Оставить комментарий