• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

КМШ ПАнын Ч.Айтматов атындагы сыйлыгы беларус адабиятчысы Владимир Гниломедовго ыйгарылды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.04.21. /Кабар/. Көз Карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө-өлкөлөрдүн Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Парламенттер аралык Ассамблеясынын 52-отурумунун алкагында КМШ ПАнын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгы адабиятчы, жазуучу, Беларусь Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Беларусиянын Улуттук академиясынын академиги, философия илиминин доктору, профессор Владимир Гниломедовго ыйгарылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Сыйлыкты КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов менен РФ Федерация Советинин төрайымы Валентина Матвиенко тапшырды.

Талант Мамытов лауреаттын чыгармаларын жана илимий эмгектерин жогору баалады. “Бул сыйлык Владимир Васильевичтин адабият айдыңындагы көп сандуу эмгектерин жана анын адабиятты өнүктүрүүгө, маданияттарды жакындаштырууга жана КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы достукту чындоого кошкон салымын баалоо болуп саналат”, – деди төрага

Владимир Гниломедов ден соолугуна байланыштуу Санкт-Петербург шаарына, Ч.Айтматов атындагы сыйлыкты тапшыруу аземине келе алган жок, бирок, видеобайланыш аркылуу аземге катышты. Ушуга байланыштуу сыйлыкты Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын ыйгарым укуктуу өкүлү Виктор Когут алды. Лауреат улуу жазуучунун жана ойчулдун атындагы жогорку сыйлык ыйгарылгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал бул анын өмүрүндөгү чоң окуя экендигин белгилеп, 90-жылдардын ортосунда кыргыз жазуучусу менен кантип таанышкандыгын айтып берди. “Мен аны адамдар кандай урматтаарын көрдүм, бир жагынан жөнөкөй киши, экинчи жагынан гений болчу”, - деди Владимир Гниломедов.

Өз кезегинде Валентина Матвиенко КР Жогорку Кеңешине КМШга мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгын белгилөө демилгеси үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ал бул сыйлык биздин Шериктешти чыңдап, бирдиктүү маданий мейкиндиктин маанилүүлүгүн эске салып тураарын белгиледи.

Эске сала кетсек, КМШ ПАнын Кеңеши өткөн жылдын күзүндө, онлайн режиминде өткөн отурумда бир добуштан Владимир Гниломедовдун талапкерлигин колдогон. Бирок, коронавирус пандемиясына байланыштуу сыйлыкты эпидемиологиялык абал нормалдашкан соң, салтанаттуу кырдаалда тапшыруу сунушталган.

Пикир

Оставить комментарий