• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КМШ жана араб өлкөлөрүнүн жазуучулары Чыңгыз Айтматовду эскеришти

Коом 0

БИШКЕК, 18.08.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. КМШ жана араб өлкөлөрүнүн белгилүү жана алдыңкы жазуучулары, дипломаттары, маданий ишмерлери жана интеллектуалдары “Ата-Бейит” комплексинде Чыңгыз Айтматовду эскеришти. Улуу кыргыз жазуучусунун көрүстөнүнө гүл коюлуп, куран окулду.

Меймандар Айтматовдун тууралуу жылуу пикирлерин айтышып, анын чыгармаларынан цитаталарды келтирип жатышты. Жазуучунун карындашы Роза Айтматова бардыгына агасынын атына айтылган сөздөрү үчүн ыраазычылык билдирип, бул жер алардын үй-бүлөсү үчүн канчалык ыйык экенин айтып берди.

Андан соң меймандарга комплекстин аймагында экскурсия уюштурулду. Мындан кийин жазуучулар жана интеллектуалдар делегациясы Бишкекке “Айтматов окуулары” биринчи форумунун ачылышына жөнөштү.

Аталган форум Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Татарстан башчысы Рустам Миннихановдун макулдашууларынын негизинде өткөрүлүүдө. Бул иш чаранын максаты Чыңгыз Айтматовдун бай мурасын маданий диалог жана цивилизациялардын өнөктөштүгү аркылуу жайылтуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий