• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КМШга мүчө-мамлекеттердин коопсуздук кеңешинин катчыларынын жолугушуусу болуп өттү

Коом 0

Бишкек, 18.11.20. /Кабар/. КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев бүгүн, 18-ноябрда, КМШга мүчө-мамлекеттердин коопсуздук кеңешинин катчыларынын видеоконференция форматында өткөн сегизинчи жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Рыскелди Мусаев КМШ мейкиндигине жаңы биологиялык коркунучтарга каршы аракеттенүү жөнүндөгү баяндамасында коронавирус инфекциясынын жайылышы менен күрөшүүдөгү тажрыйбадан улам Кыргызстанда пандемия менен күрөшүү боюнча аткарылган иш-чаралар тууралуу катышуучуларга маалымат берди.

Кыргызстан тарабынан пандемиянын социалдык-экономикалык кесепеттерин жоюу үчүн Шериктештиктин бардык мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу зарылдыгына басым жасалып, ошондой эле соода-экономикалык чөйрөдө кызматташууну күчөтүүгө маани берүү, анын ичинде санариптик экономиканы өнүктүрүү, ири экономикалык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, транспорттук-логистикалык инфратүзүмдүн үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү жана аны андан ары өнүктүрүү, айрыкча калктын аялуу катмарын коргоо үчүн каржы жана акча-насыялык чараларды иштеп чыгуу керектиги белгиленди.

Мындан сырткары, жолугушууда маалымат чөйрөсүндөгү чакырыктар менен коркунучтарга каршы туруу, жасалма интеллект жана анын улуттук коопсуздукту камсыздоодогу мааниси, Афганстандагы кырдаал жана анын Борбордук Азиянын коопсуздугуна тийгизген таасири, чет мамлекеттердин КМШ мейкиндигиндеги деструктивдүү таасиринин жолдорунун жана ыкмаларынын өзгөрүүсү тууралуу маселелер талкууланды.

Видеоконференция форматында өткөн жолугушууга Азербайжандын, Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Молдованын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын коопсуздук кеңештеринин катчылары, ошондой эле КМШнын Аткаруу комитетинин төрагасы жана ЖККУ Башкы катчысы катышты.

Пикир

Оставить комментарий