• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КМШнын байкоочулар миссиясынын башчысы: Кыргызстандыктар шайлоодо жогорку жарандык активдүүлүгүн көрсөтүүдө

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Кыргызстандыктар Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоодо жогорку жарандык активдүүлүгүн көрсөтүүдө. Бул тууралуу КМШнын байкоочулар миссиясынын башчысы Виктор Гуминский билдирди.

Анын айтымында, эл аралык узак мөөнөттүү байкоочулары Кыргызстанда 14-сентябрдан бери иштеп жатат.

"БШК башка мамлекеттик органдар менен биргеликте бардык багыттар боюнча эбегейсиз зор иштерди жүргүзгөндүгүн байкасак болот. Ал шайлоонун жыйынтыгына таасирин тийгизиши керек. Байкоочулардын маалыматына ылайык, добуш берүү күнүнүн башталышы өтө тартиптүү түрдө өттү. Участкалар өз убагында ачылган. Участкалардын биринде эсептөө кутучасында көйгөй жаралган, бирок ал көпкө созулган жок", - дейт ал.

Гуминский №2 форма (шайлоо участкасын өзгөртүү) боюнча шайлагандар көп болгонун белгиледи. "Чүй облусунда бир шайлоо участкасында 480, экинчисинде 240 шайлоочу №2 форма боюнча добуш берүүдө. Буга байланыштуу күмөн ойлор жаралууда. Эмне үчүн эл шайлоо участогун алмаштырат? Бул маселе байкоочулардын билдирүүсүндө белгиленет. Бүгүн бизде координаторлор кеңеши болот, анын жыйынтыгын эртең чыгарабыз”, - деди Гуминский.

Пикир

Оставить комментарий