• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КНА өлкөдө күйүүчү-майлоочу майдын баасын төмөндөтүү боюнча бир катар чараларды сунуштады

Экономика 0

Бишкек, 04.10.21. /Кабар/. Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү-майлоочу майдын баасын түшүрүү үчүн бир катар чараларды сунуштады.

КНАнын маалыматына караганда, эл аралык эксперттердин маалыматы боюнча, 2021-жылдын октябрь айында мунай баасынын котировкалары өсө берет, натыйжада россиялык мунайды кайра иштетүүчү заводдордун сатуу баасынын өсүшүнө алып келет.

“Үстүбүздөгү жыл аралыгында нефтетрейдерлер Кыргызстандын күйүүчү май рыногунда күйүүчү-майлоочу майдын баасынын өсүшүн ооздуктоо үчүн бардык аракеттерди көрүштү. Жыл ичинде компаниялардын маргиналдуулугу 1%дан ашкан эмес, буга карабастан, компаниялар мунай продуктыларынын 2 айлык корун үзгүлтүксүз сатып алышкан”, - деп айтылат маалыматта.

КНА сатуу баалары дагы жогорулаган учурда жергиликтүү нефтетрейдерлер күйүүчү-майлоочу майдын чекене баасын көтөрүүгө аргасыз болорун белгиледи.

Болбосо, бааларды мындан ары кармап туруу нефтетрейдерлердин май куюучу жайлар тармагынын жабылышына чейин пайдасыздыгына алып келет.

Бирок, өлкөдөгү май куюучу жайларга ички бааны мындан ары чектөө үчүн нефтетрейдерлер ассоциациясы КР өкмөтүнө сунуш киргизди:

- 2021-жылдын октябрынан декабрына чейинки мезгилде калкып жүрүүчү салык жөнгө салуу механизмин колдонуу:

- убактылуу акциздик салыктарды төмөндөтүү;

- дизелдик отунду импорттоону жана берүүнү КНСтен бошотуу.

“Бул чаралар бензиндин чекене баасын - бир литрин 3,70 сомго жана дизелдик күйүүчү майдын баасын учурдагы баанын деңгээлинен 4,8 сомго төмөндөтөт. Белгилей кетүүчү жагдай, эгерде жогорудагы чаралар Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын алдын ала эсептөөлөрү боюнча ишке ашырылса, мунай секторунан мамлекеттик бюджетке 2021-жылга пландалган салыктык кирешелер толук көлөмдө аткарылат”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий