• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Князь, Ахиллес, Рамзан Кадыров – Кыргызстанда сейрек коюлган ысымдар

Коом 0

Бишкек, 06.11.19. /Кабар/. Кыргызстанда 2019-жылдын 10 айында 147 миң 300 наристе жарык дүйнөгө келген. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Инфоком мамлекеттик ишканасы билдирет.

Жаңы балалуу болгон ата-эне баласына ат коюуга олуттуу карап, атына заты жарашсын деген ниет менен жакшы ат тандоого аракет жасашат. Көп учурда балдардын аттары бири-бирине окшош келет. Бирок балдарга сейрек коюлган аттар да бар:

Кыздар: Аврора Венди, Шия, Айзенем Сафия Жизель, Акеана, Артемизия-Дифина;

Балдар: Рамзан Кадыров, Абель Кейн, Князь, Ахиллес, Мамалак.

Пикир

Оставить комментарий