• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Коңшу Казакстанга 6 тонна кумшекерди алып чыгууга аракет кылышкан

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.07.22. /Кабар/. Кыргызстандан коңшу Казакстанга кумшекерди мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылышкан. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Казакстан менен чектеш чек арадагы өткөрүү пункттарында коррупциялык схемаларды жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынан мыйзамсыз опузалоолорду аныктоо боюнча иш-чаралардын алкагында Кыргызстандан Казакстанга кумшекерди мыйзамсыз алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду.

Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан өтүүдө КР жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-бенц” үлгүсүндөгү автоунааны текшерүү учурунда болжол менен 6 тонна кумшекерди алып чыгууга аракет кылуу фактысы аныкталган. Коштоочу документтерге ылайык, кумшекер тизмеге кирген эмес.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин 2022-жылдын 17-мартындагы №140 “Кыргыз Республикасынан айыл чарба продукциясынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу жөнүндө” токтому кабыл алынган. Ага ылайык, кумшекерди жана анын түрлөрүн экспорттоого убактылуу тыюу салынган.

Пикир

Оставить комментарий