• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Коңшу өлкөлөр менен чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо ишинде Өкмөт жакшы жыйынтыктарга жетишти – премьер

Саясат 0

Бишкек, 27-апрель /Кабар/. “Коңшу мамлекеттер менен чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо ишинде Өкмөт жакшы жыйынтыктарга жетишти”, – деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-апрелде Өкмөттүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчет берүү учурунда.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, 2016-жылы коңшу өлкөлөр менен чек араларды делимитация жана демаркация боюнча сүйлөшүүлөр активдештирилген.

“Өзбекстан менен болгон чек арабыздын 1055 км же 76,5% такталган, Тажикистан менен 519 км тилке же 54% такталып, чек ара сызыктарынын өтүшүнүн долбоорлору жазылды”, – деп Сооронбай Жээнбеков белгиледи.

Өкмөт башчынын айтымында, калган участоктор боюнча мамлекеттер ортосундагы Өкмөттүк комиссиялар биргелешип тиешелүү тактоо, талаа-изилдөө иштерин жүргүзүү ж.б. макулдашуу иштерин улантууда.

Премьер-министр бул багытта коңшу өлкөлөр менен достук мамилелерди бекемдөөнүн маанилүүлүгүн эске алуу менен мамлекеттер ортосунда бирдиктүү иштерди активдештирүү иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий