• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Коңшу мамлекеттер менен болгон мамилебиз бир кыйла жакшырды - президент

Президент 0

Бишкек, 25.12.19. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыктаган маалымат жыйынында тышкы саясат тууралуу айтып берди.

Мамлекет башчысы коңшу мамлекеттер менен болгон мамиле бир кыйла жакшыргандыгын билдирди.

" Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан менен жемиштүү сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк. Союздашыбыз — Россия менен абдан тыгыз кызматташтыкка жетиштик. Кыргыз жарандары көп жашаган Россия жана Европа шаарларында бир нече консулдук мекемелер ачылды. Россия Федерациясынын региондорунда 4 консулдук ачылды. Дээрлик 130 миң жаранга мунапыс берилди, „кара тизмеден“ 6 миңден ашык жаран чыгарылды. Кытай жана Индия менен болгон мамилебиз өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине чыкты. Шанхай кызматташтык уюмунун жана Жамааттык коопсуздук уюмунун саммиттерин ийгиликтүү өткөрдүк. Кыргызстан 2019-2023-жылдарга ЮНЕСКОнун аткаруу кеңешинин курамына шайланды", - деп билдирди Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий