• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Коңшуга курал көтөрбөйт - ой толгоо

Аналитика 0

Президент Садыр Жапаров кыргыз элине кайрылуусунда чек арадагы кандуу окуялар айрым чагымчыл күчтөрдүн айынан күчөп кеткенин айтты. Буга чейин да кыргыз-тажик чек арасында көп эле окуялар (кээде адам өлүмү менен коштолгон) болуп келгени белгилүү. Бирок, мынчалыкка барбастан дайыма сүйлөшүүлөр аркылуу чечишип, эки тарап чатакты анча ырбатчу эмес.

Исфара районунун башчысынын чагымы

Бул жолу Тажикстандын Исфара районунун башчысы чагымчылдык ролду эң мыкты аткаргандыгын Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев тастыктап жатат. Ал 28-апрелде Согди облусунун губернатору Ражоббой Ахмадзода менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн, тажик тарабы “Головной” суу бөлүштүргүч жайына орноткон видео камераларын алууга макул болгонун, бирок Исфара районунун башчысы облус губернаторун укпай койгонун ЖМКларга билдирди. "Суу тосмого келгенде эле аларды укпай, “албайм” деп калды. Ал тургай коштоп келген эки генералдын дагы сөзүн укпай койду. Анан ошондон чыр чыгып кетпедиби. Бул чагымчылдыкты жасады деген тыянакка келдик. Анткени өз жетекчисин укпайт деген болбогон нерсе”, - деди Өмүрбек Субаналиев.

Бул эрдик эмес, коңшулук наркты бузгандык

Исфара району Кыргызстан менен чектеш район. Суу талаш, жер талаш дайыма ушул эки райондун чектеш жеринен чыгып келет. Жалпы алганда кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымды түзөт. Азыркы учурда анын 504 чакырымы такталган. Калган аймактарда 70 талаштуу жердин башын ачалбай келебиз. Бирок, акыркы окуяларда чектеш аймактагы тажик коңшуларды кимдир бирөөлөр атайы тукургандай, даярдагандай туюлат.

Интернет булактарына тажик тарабынын ачык эле курал таратып, кыргыздарга каршы тукурган видеолору жарыяланып жатты. Андан соң 29-30-апрель күндөрү өрттөнгөн айылдарды, атайы техника менен кирип келишип кыргыздар жашаган үйлөрдү түрттүрүп салышканын, аргасыздан качып чыгышкан элдердин малын мааратып-мөөрөтүп, көчө толтура айдап кетип жатышкандыктарын чоң эрдик катары видеого тартып, интернетке чыгарып турушту. Бул эрдик эмес, кылым коңшулук наркты бузгандык, кемдик болуп эсептелет.

Бул күндөр да өтөт, тажик тарабына жасаган кылмыштары үчүн дүйнө элинин алдында жооп берүүгө туура келет. Анткени, Тажикстан куралдуу күчтөрү менен бизге ачык кол салганын, армиясы оор артиллерия, миномёт, а түгүл вертолётту колдонгонун, көзгө атар мылтык менен кыр-кырда жатып алып, бейкапар кетип бараткан жарандардын машинасын аткылаганын, алардын айдоочулары, жүргүнчүлөрү мерт болгонун, он кишини барымтага алышып, акыры бошотуп беришкенин, аларды кордошконун бүт дүйнө көрүп турат.

Тажик тарабынын 29-апрелдеги “Головной” суу бөлүштүргүч жайын басып алуу максатындагы миномёттук аткылоосунан 25тен ашык адам каза болду. Эчтеме менен иши жок, ойноп турган 12 жаштагы наристе кыз көз жумду. Муну куралсыз элди аткан кылмыш десе болот. Баарынан да мектепти миномёт менен аткылагандары, булар үчүн ыйык эч нерсе калбагандыгын тастыктайт. Мындайды немецтик-фашисттик баскынчылар тууралуу кинолордон көрчү элек. Эгерде убагында чыгарып кетпегенде окуп жаткан балдар эмне болот эле?!

Арга жок чек ара кызматкерлерине окко ок менен жооп берүүгө туура келди. Натыйжада мекенин коргоп жатып он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек, жалоондой жаш жоокерлерибиз шейит кетти. Акыркы маалыматтар боюнча каза болгондордун саны 35ке жетип, 183 киши ар кандай деңгээлдеги жаракат алышты. Бул фактылар боюнча кыргыз тарабы 11 кылмыш ишин ачты. ӨКМ баш-аягы 78 үй өрттөлгөнүн, 33 миң киши эвакуацияланганын билдирди.

Кыргызстан кабыргасы кайышып 1-2-май аза кутуу күндөрү болду.

Башканын жер-суусунун кереги жок, өзүбүздүкүн бербейбиз

Кыргызстан кандуу окуяларды сүйлөшүүлөр жолу менен чечүү жолун тандап алды. Бул коркоктук же тажик агрессиясына кол куушургандык эмес, алыскы-жуукту ойлогон акылмандык кадам. Тажикстандай элге курал таратсак, эки эл күн сайын бирин-бири аткылап, кан төгүлүп отурса, бул иштин аягы эч качан бүтпөйт болчу. Ошол эле учурда Кыргызстандын куралдуу күчтөрү чагымчылдыкка алдырбай, жоготууларга учурап жатса дагы толук даярдыкта турат. Керек болсо курал алып чегибизди коргоп алууга элибиздин кудурети жетет. Биз “өлгөн сайын өрчүгөн, түгөнгөн сайын түтөгөн”, Ала-Тоодой кутман жерди эч кимге бастырбай, тарттырбай келген байыркы элбиз. Башканын жер-суусунун бизге кереги жок. Өзүбүздүкүн бербейбиз!

Башкача айтканда тажик тарабынын чек арадагы карапайым элге, жалпы эле кыргыз элине күч колдонуу, ачык агрессия менен чек ара маселесин чечем дегени келечекти көрбөгөн саясий сокурлук болуп эсептелет.

Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын УКМК башчысы Саймуттин Ятимов төрт пункттан турган протоколго кол коюу менен чек ара чатагы азырынча басылды. Кандай болгондо да Тажикстан коншу мамлекет. Коншуну тандап албайт. Бизге ынтымак-ырашкерлик гана керек. Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен бир нече жолу телефон аркылуу сүйлөшүп, акыры Дүйшөмбүгө барып болсо да, маселеге чекит коюуга аракет кылууда...Чекит коюлушу керек.

Суу кечпеген шылтоо

Ал эми тажик тарабы үчүн чырга шылтоо болгон “Головной” суу бөлүштүргүч жайы эч качан Тажикстандын аймагында болгон эмес. Аны Кыргыз ССР мелиорация жана суу ресурстары министрлигинин заказы боюнча “Ошсуукурулуш” трестинин Баткен курулуш монтаждоо башкармалыгы 1973-жылы куруп бүтүргөн. Курулушка 384,2 мин рубль жумшалган. Кыргызстан 1992-жылы Алматыда жана 1995-жылы кол коюлган Нукус декларациясына ылайык, андагы Ак-Сай суусун Тажикстан, Өзбекстан менен биргелешип пайдаланып келет. Ошол Тажикстан “Ак-Сай” суусунун 55 пайызын пайдаланат. Суунун башында туруп биз 37 пайызын, ал эми Өзбекстан 8 пайызын алат. Тажик тарабы дал ушул суу бөлүштүргүч жайды биздики деп талашып, чатак ушундан чыгып жатпайбы. Эми, жандимиликтин да чеги бар эмеспи.

Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдын турукташуусуна байланыштуу кайрылуусунда “...биз өзүбүздүн куралдуу күчтөрүбүздү чектеш мамлекеттин айыл-кыштактарын басып алып жана тынч элге кол салып, үйлөрүн талкалоого эч качан жол бербейбиз. Кыргызстандын чегинен чыкпоого, биринчи болуп ок атпоого бекем көрсөтмө бердим.

Себеби чатак ырбаса, эки тарап тең мындан чоң жоготууларга учурамак, жүз миңдеген үй-бүлөлөр кайгы-муңга бөлөнмөк.

Ушуну элибиз туура түшүндү деп ойлоймун. Кудай жалгап эки тарап кандуу согушту токтоттук. Кагылышуу дагы канча убакытка уланмак, бир Жараткан билет. Куралдуу кагылышуунун уланып кетишине эки тарап тең жол бербеши керек! Анткени биз түбөлүк коңшуларбыз”, - деп билдирди.

Ооба, биз кылымдык коңшуларбыз. Кандай маселе болбосун дипломатиялык жолдор менен гана чечилиши керек...Коңшуга курал көтөрбөйт.

Темирбек Алымбеков

Пикир

Оставить комментарий