• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Коалициялык көпчүлүк вице-премьер-министрликке Аида Исмаилованын талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. Бүгүн, 1-апрелде парламенттик коалициялык көпчүлүк (КСДП, “Кыргызстан”, “Бир-Бол” “Республика-Ата-Журт”) Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлик кызмат ордуна Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилованын талапкерлигин жактырды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өз каалоосу менен социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министрлик кызматын тапшырган Алтынай Өмүрбекованын ордуна Жогорку Кеңештеги “Республика-Ата-Журт” фракциясынын депутаты, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин мүчөсү Аида Исмаилованын талапкерлигин сунуштады.

Мухаммедкалый Абылгазиев талапкердин эмгек жолу тууралуу кеңири маалымат берип, анын адистик жана жеке адамдык сапаттары сунушталган кызмат ордуна туура келерин белгиледи.

Сунушталган талапкерди колдоо тууралуу парламенттик коалициялык көпчүлүктүн чечими Жогорку Кеңештин төрагасынын жана Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин кароосуна жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий