• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кочкор – Арал – Төө-Ашуу унаа жолуна таш түшүп, эки жеңил унаага тийген

Кырсык 0

Бишкек, 16.03.22. /Кабар/. Кечээ, 15-март күнү саат болжол менен 16:10дор чамасында Кочкор – Арал – Төө-Ашуу унаа жолунун 150-153-156 чакырым аралыктарында таш түшүп, жолдо жүрүп бара жаткан 2 жеңил унаага тийген. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсыктан жабыркагандар жок.

Учурда жогоруда аталган унаа жол убактылуу жабылып, жол тейлөө кызматкерлери тарабынан тазалоо иштери жүрүүдө.

Мындан тышкары, ошол эле күнү Жумгал районундагы Сары-Булуң – Ак-Көл унаа жолунун 7-чакырымында саат 16:00дөр чамасында көлөмү болжол менен 4м3 таш түшүп, жол каттам жабылган.

Жерине Жумгал райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ, жергиликтүү тургундардан 2 адам, Пант-Шер ишканасынан 4 кызматкер тартылган. Жол тазаланып, эки тараптуу жол каттамы ачылган.

15-март күнү саат 15:40тар чамасында Бишкек – Ош унаа жолунун 401-чакырымында жолго көлөмү болжол менен 500 м3 таш кулап, жол каттамы жабылган.

Белгиленген аймакка Кара-Көл шаардык №94 Өрткө каршы куткаруу кызматынын 2 куткаруучу, №30 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 трактор тартылып, жол толук тазаланып, эки тараптуу жол ачылган жабыр тарткандар жок.

Пикир

Оставить комментарий