• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кочкор-Ата менен Майлы-Суу Сооронбай Жээнбековду колдойт!

Шайлоо 2017 0


Бишкек, 09.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков үгүт кампаниясынын алкагында Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата жанаМайлы-Суу шаарларынын тургундары менен жолугушту.

Сооронбай Жээнбеков шайлоочуларды өлкөнү өнүктүрүү туурасында жөнөкөй жана реалдуу тезистер тизмектелген өзүнүн «Өлкөдөн кымбат дөөлөт жок» аттуу программасы менен тааныштырды.

Талапкер элге адилет бийлик керек экендигин белгиледи. Айылдарга ооруканалар, мектептер, жолдор, электр жарыгы керек экендигин айтты. Президент болуп калса, мугалимдердин, дарыгерлердин жана башка бюджет тармагында иштегендердин айлыгын көтөрүү маселесин чече тургандыгын жана буга жетишүүнүн жолдорун биле тургандыгын белгиледи. Чакан жана орто бизнес колдоого алынып, өнөр-жайды өнүктүрүү, турак-жайга муктаж болгондорго келечекте 6 пайыздык үстөк менен ипотеалык насыя берүү эң бир маанилүү багыттардын бири болуп калмакчы.

«Коррупцияга каршы күрөшүү – менин негизги милдетим. Биз өз чөнтөгүн мамлекеттин казынасы менен алмаштырып алгандарды мыйзам алкагында кату жазалайбыз. Укук коргоо органдары менен мамлекеттик кызматкерлердин алдына коррупция менен күрөшүү боюнча кату талаптарды коебуз. Мен 1995-жылдан бери саясаттамын. Ушул мезгил ичинде ким жеке кызыкчылыгы үчүн, байлык топтоо максатында иштеп, ким элдин, мамлекеттин кызычылыгын көздөп келгендигин жакшы билем. Коррупцияга каршы күрөш аеосуз мүнөздө болот, анткени ал өлкөнүн келчегине олуттуу коркунуч жаратат», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал карапайым эле элдин арасынан чыккан инсан экендигин белгиледи. «Менин тажрыйбам, билимим жана саясий эрким адилет президент болуп, өлкөнү өргө тартканга жетиштүү», - деди талапкер Жээнбеков.

Ошондой эле ал Кочкор-Ата мененМайлы-Суу шаарларынын тургундарын жылуу кабыл алгандыгы жана анын талапкерлигин кызуу колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин экс-депутаты, «Ата-Журт» партиясынын төрагасы Камчыбек Ташиев, мурунку ички иштер министри генерал Молдомуса Конгантиев, жергиликтүү тургундар, жаштар, аксакалдар катышты. Майлы-Суу шаарында талапкер менен жолугушууга 5 миңден ашуун, ал эми Кочкор-Ата шаарында – 7 миңден ашуун шайлоочу катышты.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 07.10.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий