• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кочкор-Атадагы "Керемет Resort" эс алуу жайынын жаңы корпусу курулду

Аймак 0

Бишкек, 02.06.23. /Кабар/. Кочкор-Ата шаарындагы "Керемет Resort" эс алуу жайынын эки кабаттуу жаңы корпусу пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, эс алуу жайынын жаңы имаратынын ачылышына президенттин өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Россия Федерациясынын президентинин аппаратынын аймактар аралык жана чет мамлекеттер менен маданий байланыштар боюнча орун басары Антон Рыбаков, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артём Новиков жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Курулуштун насыялык каржылоосу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан берилип, 1 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү каражат жумшалган.

Облус башчысы фонддун аймактагы калктын ден соолугун чыңдоо максатында көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди. Мындан ары да кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Жалал-Абад облусундагы ишкердикти өнүктүрүү, айыл чарбасы, жеңил өнөр жай, инфраструктура тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга, продукциялардын экспорттук потенциалын жогорулатууга өбөлгө болооруна ишеним артаарын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий