• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кочкор-Ата: Жаңы бала бакчанын курулушу дээрлик 70 пайызга бүткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 08.06.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Кочкор-Ата шаарында жаңы бала бакчанын курулуш иштери жүрүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кочкор-Ата шаарындагы жаңы заман талабына шайкеш келген Ландыш бала бакчасы 100 орунга ылайыкташкан. Союз мезгилинде курулган имараттын эскилиги жетип, жараксыз абалда турган бул жай толугу менен сүрүлүп, ордуна эки кабаттуу бала бакчасынын курулушу жүрүп жатат.

Курулуштун дээрлик 70 пайызы бүткөрүлүп ушул жылы балдарга өз кучагын ачат. Сметалык баасы 39 млн сомду түзгөн бала бакчанын курулуш иши "Север-Юг" компаниясына жүктөлгөн. Каржылоо жагын Кочкор-Ата шаардык мэриясы жана Ноокен райондук өнүктүрүү фонду колго алган.

Кочкор-Ата шаардык мэрясынын жетектөөчү адиси Исламбек Буркановдун айтымында, балдарды колдоо жылынын алкагында бул жылы эскилиги жеткен бала бакчалар оңдоп- түзөөдөн өткөрүлүп, жараксыздарынын пайдубалы жаңыдан тургузулуп жатат.

"Ландыш бала бакчасында жалпысынан 20дан ашуун кызматкер иш менен камсыз болот. Заманбап типтеги имаратта балдарга ылайыкташкан ойноочу аянтчалар жана жуунуга толук шарттар да каралган", - дейт жетектөөчү адис.

Белгилей кетсек Кочкор-Ата шаарында жалпы 8 бала бакчасы бар. Алардын беши жеке менчик, үчөө мамлекеттин карамагында.

Пикир

Оставить комментарий