• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кочкор-Атада газ баллон жарылып, төрт адам жабыркады

Аймак 0

Бишкек, 21.02.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Кочкор-Атада кафелердин биринде газ баллон жарылып, төрт адам жабыркады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жалал-Абад облусунун ИИБнин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, баллондун жанында кафенин төрт кызматкери болгон, алар денесинен күйүк алышкан. Өрт болгон эмес.

“Өзбекстандын үч жараны жана бир кыргызстандык күйүк алышкан. 1994-жылы туулган бир баланы Ош облустук ооруканасына жөнөтүшкөн, анткени ал жакта күйүк бөлүмү бар. Калган үчөө Кочкор-Ата ооруканасында жатышат”,-деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча тиешелүү экспертиза жүргүзүү дайындалды, учурда иликтөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий