• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кочкор-Атада Кулатуу турниринин алкагында Борбор Азиядагы мыкты мушкерлер күч сынашат

Спорт 0

Бишкек, 10.09.19. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында профессионал мушкерлер арасында эл аралык WEF88PROFFIGHT38&AFCA6 турнири өтөт. Бул тууралуу аталган уюмдун уюштуруучулары кабарлашты.

Мелдеш 13-сентябрда Кочкор-Ата шаарынын борбордук стадионунда болот.

"Сиздерди 18 бүйүр кызыткан беттеш күтөт. Ал жерде Борбор Азиядагы жана "АХМАТ" мушташ клубунун мушкерлери күч сынашат", - деп "Кулатуу Эртаймаш" улуттук күрөш федерациясы билдирет.

Спорттук мелдешти YouTube порталынын WEF GLOBAL каналында жана "КТРК Спорт" телеканалында түз эфирде чагылдырат.

Пикир

Оставить комментарий