• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кочкор-Атада шаардык бюджеттин эсебинен алгач ирет бала бакча курулган

Аймак 0

Кочкор-Ата, 31.07.19. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Кочкор-Ата шаарында шаардык бюджеттин эсебинен алгач ирет бала бакча курулган.

Шаар мэри Алтынбек Жумаевдин айтымында, бала бакча 175 орунга ылайыкталып, шаардык бюджеттин эсебинен курулган.

"Биз өзүбүздүн бюджеттин эсебинен алгач ирет бала бакча куруп жатабыз. Анын курулушуна 28 млн. сом жумшалды. Учурда ал шаардагы мыкты бала бакчалардын бири. Алдыда акылдуу бала бакча долбоорун киргизүүнү көздөп жатабыз", - деди ал.

Мэр белгилегендей, 18 миң калкы бар Кочкор-Ата үчүн бала бакча куруу артыкчылыктуу багыттардын бир болуп эсептелет.

"Бүгүнкү күнү шаар бала бакча менен 80%га камсыздалган. Калгандарын жакын арада чечебиз. Жаңы бала бакчанын курулушуна райондук фонддон 42 млн. сом бөлүү каралууда. Анын аякташы менен шаар бала бакчалар менен толук камсыз болот", - деди мэр.

Пикир

Оставить комментарий