• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кочкор: үйлөрдүн биринен аял жана үч кыздын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 21.12.20. /Кабар/. Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылындагы үйлөрдүн биринен аял жана үч кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, 18-декабрь күнү саат 17:20лар чамасында 62 жаштагы А.З. аттуу жаран Кочкор районунун Теңдик айылынын 38 жаштагы А.А. аттуу карындашы үч күндөн бери телефон албай жатканынан үйүнө барган.

Үйүндө карындашы жана 3 баласы каза болгонун көрүп райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө кайрылган.

Аталган факты Кочкор райондук милициясы тарабынан каттоого алынып, текшерүү иштери башталган. Азыркы учурда жогоруда каза болгондор эмне себептен өлгөнүн аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Каза болгон балдардын үчөө тең кыз: 11, 9 жана 7 жаштагылар.

Пикир

Оставить комментарий