• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кочкордо милиция кызматкерлери кылмыштуулуктун алдын алуу иштерин улантууда

Аймак 0

Бишкек, 20.04.22. /Кабар/. Кочкор райондук ички иштер бөлүмү профилактикалык иштерди улантууда. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери бөлүмдүн көчмө кабылдамасы менен район аймагындагы жогорку класстардын окуучулары жана алардын ата-энелери менен жолугушуу уюштуруп жатат.

Жолугушууда эрте никеге туруу, психотроптук заттардын зыяндуулугу боюнча маалыматтар берилип, ар кандай укук бузуулардын кылмыш кырсыктардын алдын алуу жана жолдо жүрүү эрежелери тууралуу түшүндүрмөлөр берилип, зордук-зомбулуктун алдын алуу жана болтурбоо боюнча "111" кызматына чалуулары эскертилип түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Мындан сырткары айыл тургундары менен жеринен жолугушуп, көйгөйлөрүн угуп жазгы талаа иштерин башталышы, жайлоолорго көчүп конуудагы коопсуздук, мал уруулук, уруулук фактыларынын алдын алуу боюнча ар бир жаран өздөрүнүн малдарына сак болусууна жана көзөмөлү жок калтырбоосу боюнча эскертмелер берилди.

Пикир

Оставить комментарий