• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кочкор райондук прокуратурасынын жаңы имараты пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 08.12.21. /Кабар/. Кечээ, 7-декабрда КР башкы прокурору Курманкул Зулушевдин катышуусунда Нарын облусунун Кочкор районун прокуратурасынын жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Салтанаттуу иш-чарада башкы прокурор Курманкул Зулушев, прокуратура органдарынын кызматкерлери мамлекеттин укуктук тутумун чыңдап, кандай гана климаттык шарт болбосун өлкө аймагында мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу боюнча өзүнүн конституциялык милдеттерин кынтыксыз аткарууга тийиш экендигин баса белгиледи.

Ошондой эле, учурда өлкө жетекчилиги тарабынан прокуратура органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, эмгек шарттарын жакшыртууга, жеке курамды социалдык жактан коргоого көп көңүл бурулуп, кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу маселеси каралып жаткандыгын кошумчалады.

Ачылыш аземге облустук прокуратура органдарынын өздүк курамы жана жетекчилиги, прокуратура органдарынын ардагерлери, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Буга чейин Кочкор райондук прокуратурасынын кызматкерлери 1963-жылы курулган 4 бөлмөлүү имаратта иштеп келишсе, бүгүн 2 кабаттуу имарат толугу менен бүткөрүлүп, кызматкерлер үчүн баардык шарттар түзүлүп, зарыл болгон заманбап жабдуулар менен камсыздалды.

Иш-чаранын жүрүшүндө, КР башкы прокурору К.Зулушев Нарын облусунун Кочкор райондук прокуратурасынын кызматкерлерине 8 батирлүү кызматтык үйдүн курулушуна капсула салды. Долбоорго ылайык, курулуш иштерин аяктоо жана пайдаланууга берүү 2022-жылдын биринчи жарымына пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий