• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кочкор районунда 792 объект, 94 көчө дезинфекцияланды – аким Абыкеев

Аймак 0

Бишкек, 28.04.20. /Кабар/. Кочкор районунда 792 объект, 94 көчө дезинфекцияланды. Бул тууралуу Кочкор районунун акими Темирболот Абыкеев билдирди.

"Кочкор районунда 19-марттан тартып 28-апрелге чейин 792 объект, 94 көчө дезинфекцияланды. Ал эми Кочкор аймагына кире бериш жердеги дезинфекциялоо туннелинен 5 миң 523 автоунаа өткөрүлдү", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 28-апрелге карата коронавирус жуктурган 13 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 708ди түзөт. Алардын ичинен 416 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий