• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кочкор районунда үч унаа сүзүшүп, 7 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 06.02.20. /Кабар/. Нарын облусунун Кочкор районунда кечээ, 5-февраль күнү саат 20:00 чамасында Жаңы-Жол айылындагы С.Орозбаков көчөсүндө Daewoo Nexia жана ВАЗ-2107 үлгүлөрүндөгү унаалары жолдун жээгинде токтоп турган ЗИЛ-130 оор жүк ташуучу унаасын сүзүшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыктын кесепетинен Daewoo Nexia унаасында 4 эркек адам, ВАЗ-2107 унаасында 2 эркек адам. ЗИЛ-130 унаасында 1 эркек адам ар кандай жеңил жаракаттарды алышкан. Каза болгон адамдар жок.

Куткаруучулар жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып, биринчи медициналык жардам көрсөткөн жана тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий