• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кочкор районунда дыйкандарга 10 пайыз менен жеңилдетилген насыя берилүүдө - аким

Аймак 0

Бишкек, 28.04.20. /Кабар/. Нарын облусунун Кочкор районунда дыйкандарга 10 пайыз менен жеңилдетилген насыя берилүүдө. Бул тууралуу Кочкор районунун акими Темирболот Абыкеев билдирди.

Анын айтымында, Кочкор району боюнча жазгы талаа иштери өз нугунда жүрүп жатат.

"РСК жана Айыл банк аркылуу дыйкандарга 10 пайыз менен жеңилдетилген насыя берилүүдө. Учурда 116 дыйкан насыя алып, айыл-чарба иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле райондо көрктөндүрүү иштеринин алкагында 2000 терек тигилет", - дейт ал.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук каг

Пикир

Оставить комментарий