• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кочкор районунда эки киши мал уурулук боюнча шектүү катары кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.02.21./Кабар/. Кочкор районунда эки киши мал уурулук боюнча шектүү катары кармалды, - деп билдирет Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 1-февралында Нарын ОИИБнын жана Кочкор РИИБнүн кызматкерлери тарабынан райондун аймагында малдарды уурдап жүргөн 2 адамдан турган кылмыштуу топ кармалган. Алар 1988-жылы туулган Ш.Б жана 1988-жылы туулган Д.М. аттуу Кочкор районунун тургундары болуп чыккан.

Аталган фактылар боюнча Кочкор райондук милициясы тарабынан КР Кылмыш Жаза-кодексинин 200-беренеси ("уурдоо") юо.нча алдын ала тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

"Кармалган кылмышка шектүү адамдар тарабынан жалпы 17 факт мал уурулук иштеринин бети ачылып, алардын 24 мал уурдалганы аныкталды. Бүгүнкү күндө тергөө амалдары уланууда", - деп кошумчалашты милициядан.

Пикир

Оставить комментарий